Menu

Темир Сариев өкмөт башчы болгондо аппараттын көбү Оштуктар беле?

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатында деңгээлдерин эмес, кара пиарлардын, каралоонун гана атаандаштыгы жүрөт. Анын алкагында бейкүнөө саясатчыларга ар кандай ушак сөздөр жармашат. Алардын бири Темир Сариевдин ысысмына байланышкан “трайбалист” деген сөз тууралуу кеп улайлы.

2005-жылдагы революциядан кийин Бишкек жана Чүй аймагындагы бир топ жерлерди башка аймактардан келгендер басып алышкан. Мына ошол маалда Сокулуктун аймагындагы жерлерге дагы ушундай басып алуу болгон. Жер басып алгандарды “Темир Сариевдин уюштуруусундагы атчандар ур-токмокко алып, сабап кубалаткан”- деген ушак элге кеңири жайылып кеткен.

Бул ушактар канча жыл өтсө дагы унутулбай, саясий кырдаал курчуган мезгилде жаңылаңып, кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгына карата иштеп келет.

Айтылган ушактардын контексти мындай: “Биз Темир Сариевдин кишилерибиз, сасыган оштуктар келген жагыңырга кеткиле!”,- деп кыйкырган топ элди сабаткан.

Эми, кайсы келесоо саясатчы өзү мындай ишти уюштуруп, кайра өзүнүн атын атап кыйкыртат?

Экинчиси, жер басып алгандардын ичинде оштуктар болгон эмес, негизинен Сокулуктун аймагындагылар Талас, Нарын тараптан келген тургундар болгон.

Үчүнчүдөн “мени Сариев келип кубалатты, мен аны көрдүм”,-деген бир дагы кишинин видео же аудио жазуусу же берген интервьюсу жок.

Ошондуктан, мындай кара ниет ушакты кайсы бир саясий топ, Темир Сариевдин атаандаштары таратканын ишенимдүү айтсак болот. Мындан тышкары “трайбалист” делген Темир Сариев премьер-министр болуп келгенде Кыргыз өкмөтүнүн курамында оштуктардын санын көбөйткөн. Ушак кепке ишенип, эмдигиче чындыкты айырмалап билбегендер бат эле санап алса болот. Эгер ал чын эле трайбалист болсо, мындай кылмак эмес.

Ошондуктан, кыргыз саясатында күчтүү адамдардын артынан көп такталбаган ушактар ээрчигени өкүнүчтүү иш. Саясатчынын аткарган иштерин, кылган реформасын талкуулабай, көчө деңгээлиндеги ушактар менен талкуулаган бул келечек үчүн коркунучтуу иш. Мисалы, Темир Сариев премьер-министр болуп турган убакта көп реформалар ишке ашты, мамлекеттин пайдасына олуттуу пайдаларды алып келди. Башкасын коюп, көп жылдан бери башка өлкөнүн энчисине өтүп кеткен чоң обьектилерди Кыргызстандын карамагына кайтарып алды.
АЛАР:

1. Ала-Бука районундагы жайгашкан “Орто-Токой” суу сактагычы

2. Ноокен районундагы “Доступ”, “Маданаият” жана “Октябрга 50 жыл” насостук станциялары

3. Кадамжай районундагы Кайтпас – Кыргыз-Кыштак үлүшү

4. Ысык-Көлдөгү Бостериде жайгашкан аянты 28,35 гектарды ээлеген “Алтын кум” пансионаты

5. Аксы районундагы Чоң Наманган каналы (12,9 км) жана “Чует” каналы (14,5 км) 6.

6. Баткен облусундагы Сох-Шаймерден каналы (12 км)

7. №1 Фергана автотранспорттук колонна

8. Ысык-Көлдөгү Тоң районунда жайгашкан аянты 10,65 гектарды ээлеген “Бустон” пансионаты

9. Нарындагы Левобережный каналы (43,1 км)

10. Лаган каналы (11,2 км)

11. ӨКМдин “Фергананефть” обьектиси

12. Ысык-Көлдөгү Кара-Ойдо жайгашкан аянты 19.05 гектарды ээлеген “Рохат – НБУ” пансионаты

13. Ысык-Көлдөгү Кара-Ойдо жайгашкан аянты 21,77 гектарды ээлеген “Дилором” пансионаты.

Бул мекенчил жана иштин көзүн билген, дасыккан мамлекеттик кызматкердин ишинин жыйынтыгы. Айрым, эл көзүнө кызмат кылымыш болуп, желим өтүк менен ылай кечкендерге караганда кыска убакытта кылымдык иштер аткарылган. Эл ушундай ийгиликтерди эмес, кайсы бир кызыкчылыгы бар топ чыгарган негизи жок ушакты талкуулаганы өкүнүчтүү…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: