Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги ири соода борборлор таажывируска байланыштуу карантинге жабылды.
“Дордой-Плазанын” маркетологу Батма Казакбаева соода борбору жабылганын айтып, ал жакка бир күндө 8 миңден ашуун адам келерин белгилеп, ооруну алдын алуу максатында жетекчилик мындай чечимди кабыл алганын айткан.
Ошондой эле калаадагы “Азия Молл” соода борбору бүгүнтөн баштап жабылды. Анын администрациясы Инстаграмдагы баракчасына карантинге жабыларын кабарлаган. Соода борбордун биринчи гана кабатындагы “Фрунзе” гипермаркети, банктар жана дарыканалар иштей берет.
https://www.instagram.com/p/B98So6cHea1/?igshid=uim9d7vlhdll
Ошондой эле, бүгүн “Ред Центр” соода борбору дагы таажывируска байланыштуу карантинге жабылган.
Белгилей кетсек, буга чейин БУМ (ЦУМ) ооруну алдын алуу максатында жабылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ