“Апрель” телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников каналдын жабылышы боюнча билдирүү жасады эле, ага Кубат Оторбаев жооп кайтарды.
“Санарип технологиялары” ЖЧКсына 25 телеканал кирет. Мени бул мекемеге аткаруучу директор катары дайындашкан. “Апрель” телеканалын камакка алганда, биз Дмитрий Ложниковдон сураганбыз, “обого чыга аласыңарбы?”,- деп. Тиешелүү соттун чечимин сураганбыз. Мен бул өтүнүч менен ага 2-3 жолу кайрылдым. Бирок Ложников мага соттун чечимин көрсөтө албады. Айла жок, күч түзүмдөрүнө кайрылууга туура келди. Аскер прокуратурасынан: “Апрель” обого чыга албайт”,- деген жооп келди. “Санарип технологиялары” ЖЧКсынын да бир бөлүгү камакта.”, – дейт Кубат Оторбаев.
Ошондой эле К.Оторбаев маселе техникалык өңүттө экенин айтып, Д.Ложников саясый боек сүртүп жатканын баса белгиледи.
Эске сала кетсек, буга чейин “Апрель” телеканалынын башчысы Д.Ложников өзүнүн Facebook баракчасына каналдын жабылышына “Санарип технологиялары” ЖЧКсынын директору Кубат Оторбаевдин тиешеси бар экенин жазган. Анын айтымында, мындай чечимди Оторбаев өзү кабыл алган. Ал эми Аскер прокуратурасынын буга эч кандай тиешеси жок экенин келтирет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ