Бишкекте жүздөн ашуун саясый активист аялдар менен жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутат айымдары чогулуп, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин ортосундагы шайлоочулардын муктаждыктарын чечүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Статистикалык маалыматтар соңку жылдары жергиликтүү кеңеште дагы, Жогорку Кеңеште дагы аял депутатгардын саны кыскарып, активдүүлүгү төмөндөп кеткенин көрсөтүүдө. Ал арада парламентте жергиликтүү жана Жогорку Кеңештеги аялдардын санын көбөйтүү үчүн шайлоодон өтүү жеңилдиктерин камтыган мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынган. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору өтүп калса, аялдардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейүүсүн айтышат демилгечилер.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ