Menu

Акбалык Жумалиева, жарандык активист: “Кыргыздын шоруна келген депутаттар! Араңарда Мусабекова менен бирге отургандан намыстангандар бардыр!”

Бөлүшүү:

Силердин көпчүлүгүңөр Жогорку Кенештин негизги функциясын да билбесеңер керек. Ооба, силер Кыргыздын шоруна эле келген экенсиңер! Бир мезгилде Апсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев, Баяман Эркинбаев өңдүү кыргызга күйгөн залкарлар отурган кайран Жогорку Кеңештин төрүн кайдагы сөгүнчөөк “Итбай, Чотпайлар” лидериңердин артына жашынып келип алып, булгап отурасыңар!

“Алыбек алына жараша” деп колуңардан келген жумушту жасап, Мусабековага окшогондор үйүндө уйун саап отурганда эл мынчалык кор болбойт эле! Президентин баш кылып, премьерин төш кылып тизгиндей турган силер элеңер! Колуңардан коко тикен келбей, артыңарда калбыр байлап, оозуңарды ача албай, талкан жутуп отурасыңар! Силер өзүңөр чөгөлөгөнүңөр аздай, элди укуктарынан ажыратып, бийликке чөгөлөтүп, сындырып салып берип, оозунарды жаап, “балык” болуп отурасыңар! Ушул ЖК депутаттары, силер келечек муун алдында чоң күнөөгө баттыңар! Силер жооп берээр күн да келет!
Араңарда адекватный депутаттар Мусабековага чара көрүнү сунуштайт деп ҮМҮТ кылабыз!!! Андай адам менен бир залда отуруудан намыстангандар бардыр деген үмүттөмүн!

Акбалык Жумалиева, Фейсбук

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: