Menu

2018-2022-жылдарга аймактык саясат Концепциясы аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын сунуштайт

Бөлүшүү:

“Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин Өкмөттүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194  токтому менен кабыл алынган «2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактык саясаты Концепциясынын негизги максаты жана милдеттери» тууралу маалымат жыйынында билдирди”- деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Данияр Иманалиев Концепциянын алкагында өнүгүү точкасы катары 20 пилоттук шаар тандалып алынганын, айтып, азыркы күндө өлкөдө 70% ИДП Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экенин билдирип, кирешелерди теңдөө саясаты аймактарды өзүн өзү өнүктүрүүгө алып келерин кошумчалады.

Мындан улам, Концепцияда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмалары сунушталууда. Анын негизги милдеттерине: калктын экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында, өнүгүү точкаларында экономикалык борборлорду түзүү, аймактарда атайын адистештирүүнү өздөштүрүү жана аны өнүктүрүү, кластерлерди түзүү, аймактарда сапаттуу мамлекеттик тейлөө көрсөтүү үчүн бардык шарттарды түзүү, ар бир регионду өнүктүрүүгө өзүнчө шарт түзүү пландары кирет.

“Өкмөттүк комиссия тарабынан өнүгүү точкасына пилоттук аймак катары төмөнкү аймактар тандалып алынды: географиялык потенциал, ресурстук потенциал, урбанистикалык потенцияал жана саясий потенциал. 20 өнүгүү точкасына— Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Талас, Ош, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Баткен, Исфана, Кадамжай, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кербен  жана  Кочкор-Ата кирди. Негизги өндүрүш көлөмү аталган өнүгүү точкаларынын аймагында болушу керек. Аны менен бирге өндүрүш жана кайра иштетүү негизинен жергиликтүү чийки заттарга жана айыл чарба азыктарына багытталышы керек”— деди министрдин орун басары.

Ал азыркы абалды иликтөө менен өнүктүрүү кластерине Бишкек билим берүү тармагы боюнча Чүй жана Ош облустары курулуш тармагында, Ысык-Көл туристтик, Жалал-Абад нефтехимиялык, Чүй, Нарын облустары транспорт жана коммуникациялык, Нарын, Ош, Чүй облустары жана Бишкек шаары медико-фармацевтикалык тармак катары өнүгүүгө болору аныкталды. Ар бир аймак өз багытына жараша адистештирилип, орто жана чакан бизнеске кепилдик фонддор ачылат.

Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн болжолдуу анализдердин жыйынтыгы боюнча Ош жана Жалал-Абад облустарында малдын башы  көптүгү байкалды.

Баштапкы этабында жакынкы райондорду толук камтыган 10 мобилдик мал союучу цехтерди куруу пландалууда. Бул үчүн приоритеттүү аймак катары Кадамжай району, Жалал-Абад шаары, Жети-Өгүз району, Ош шаары, Өзгөн району,  Ат-Башы району, Сокулук району, Талас жана Нарын шаарлары аныкталды.

Ошондой эле жүргүзүлгөн анализдин негизинде республика боюнча айрым аймактарда айыл чарба тармагында кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги аныкталды.

Данияр Иманалиев билдиргендей, тандалып алынган 20 долбоордун ичинен Жалал-Абад жана Каракол шаарлары өнүктүрүү аймактарын тандады. Жалал-Абад шаарынын мэри жалпы болуп 17 млн АКШ доллар турган 10 долбоорду даярдады. Аталган долбоорлор мунициаплык транспорт, курулуш, көчөлөрдү жарыктандыруу жана арыктарды тазалоого багытталган. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында 500 миң АКШ долларына коомдук дааратканаларды куруу пландалууда.

Каракол шаары жалпы суммасы 8 млн АКШ долларын түзгөн социалдык-экономикалык пландагы 7 долбоордун программасын сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: