Депутат Руслан Казакбаев («Республика – Ата Журт» фракциясы) Жогорку Кеңештин парламенттик оппозициясынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлү катары аныкталып, Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлүнө депутаттар Руслан Казакбаевдин («Республика – Ата Журт» фракциясы), Наталья Никитенконун («Ата Мекен» фракциясы), Мирлан Бакировдун («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) талапкерлиги көрсөтүлүп, электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Руслан Казакбаев тандалып алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ