-Эгерде президенттик шайлоо бийлик таңуулап жаткан 15-октябрь же 19-ноябрда өтө турган болсо, президент Атамбаев кызматында ашыкча олтуруп, ал бийликти узурпациялоого алып келиши мүмкүнбү? Сиз үчүн президенттик шайлоонун кайсы күнү өтүшү керектиги маанилүүбү?
Кадыр КОШАЛИЕВ, “Таза коом” элдик партиясынын тең-төрагасы:
“АР КИМ ЭЛЕ КИЙИЗ КИТЕБИНЕН АЛЫП ЧЫГЫП, ӨЗ БИЛГЕНИН ТАНУУЛАЙ БЕРГЕН ЖАРАБАЙТ”
– Баардык маселе мыйзам чегинде болгону дурус. Ар ким эле кийиз китебинен алып чыгып, өз билгенин таңуулай берген жарабайт. КРнын Президенти ким экендигине карабай Конституция жол берген мөөнөтүндө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, убагында шайлоонү өткөрүп, бир күн да кечикпей кийинки келген адамга өткөрүп берүүсү шарт.
Өмүрбек АБДЫРАХМАНОВ, экс-депутат:
“ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН ӨТСӨ БОЛДУ ДА”
– Президенттик шайлоонун мөөнөтү бир айга алдыга жылганы же жылбаганын кандай айырмасы бар, жыл аягына чейин өтсө болду да
Рита КАРАСАРТОВА, адвокат:
“УЗУРПАЦИЯ ЖҮРҮП ЖАТКАНЫНА 7 ЖЫЛДЫН ЖҮЗҮ БОЛДУ”
– Президенттик шайлоонун бир ай алдыга жылганы маанилүү. Анткени мыйзамдар жана Конституция туура иштеши абзел. Узурпация жүрүп жатканына 7 жылдын жүзү болду. Эми өзү көздөгөн кишиси ордун басса экен деп жатат да.
Адил ТУРДУКУЛОВ, “Прогресс” фондунун жетекчиси:
“ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ОКТЯБРДА ЭМЕС, СЕНТЯБРДА ӨТҮШ КЕРЕК”
– Мен үчүн эң маанилүүсү президенттик шайлоо өз убагында өткөнү. Президенттик шайлоо октябрда эмес, сентябрда өтүш керек. Анткени, президенттик бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү – биздин өлкө үчүн гана эмес, бүт Борбор Азия аймагынын тарыхында биринчи жолу болот.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ