Menu

Фейсбук айдыңында: Ишеналыбы же Эшеналыбы?

Бөлүшүү:

Сулайман Рысбаев:

«Арабаев атабыздын арбагы ыраазы болсун! Анын өз аты Эшеналы экен, аны Алиппедеги араб тамгасы менен берилген Э. Арабай Уулу деген жазуу айкындап турат, ушуну эске алсак, атын тактап жазып жүрсөк жакшы болот»

Садык Алахан:

– Суке, “экен” дегениң кандай? Молдокенин АЗАН ЧАКЫРГАНДАГЫ ысымы ЭШЕНАЛЫ экендигин эми угуп олтурасыңбы? Азыркынын “Алиппесин” жазган, залкар агартуучунун жазгандарын далай ирет окуган сендей аалым да ушинтип жазабы – бүгүн эле биле калгансып… Молдокенин ысымын Э менен жазыш керектигин чейрек кылымдан бери – университетке ысымы берилгенден бери – айтып келе жатпайбызбы, Суке… Сага маалымат үчүн айтып коеюн, досум, улуу агартуучунун ысымынын минтип бурмаланышына бир эле киши күнөөлүү. Анын ысым-жөнү ЗАЙНИДИН КУРМАНОВ. Университетке молдокенин ысымын ыйгаруу маселеси чечилип жаткан учурда – кайра айтам, досум, мындан чейрек кылым мурда – бул адам АГА ОКУТУУЧУЛУК кебетеси менен университеттин РЕКТОРУ эле. Өзүң билесиң, З. Курманов орус тилдүү жан эмеспи. Молдокеге тиешелүү архивдик материалдар дээрлик орус тилинде го. Ал эми орус тилинде залкар агартуучунун ысымы эки түрдүү жазылган – Ишеналы, Ишен-Гали делип. Орусча өскөн (аларды биз кимдер деп коёбуз, досум?) З. Курманов – ректор Курманов – ошол орусча жазылган документтердеги (соттук кагаздар ж. б.) аталышты универдин Окумуштуулар Кеңешине таңуулаган… Баарынан кызыгы мында, досум. Улуу агартуучунун ысымы университетке расмий түрдө ыйгарылган жыйынга молдокенин туугандары, эски-эски шакирттери чакырылды. Өзүң жакшы билгендей, Суке, андай шакирттеринин бири Саткын Сасыкбаев эмес беле. Ошол кишини мен универдин тээ сыртка чыкчу эшигинен тосуп алып, жыйындар залына ээрчитип келдим. Аксакал олтурары менен эле тээ төрдө, сахнада кызыл материалда бадырайып жазылып турган Арабевдин ЫСЫМЫН окур замат: “Ка-а-а-п, молдокенин аты туура эмес жазылып калган турбайбы”, – деди. Суке, кадырман аксакалдын бул сөзүн өз кулагым менен укпасам айтпайт элем… Сөз берилип, сахнага чыкканда да С. Сасыкбаев аксакал Арабевдин ЫСЫМЫ туура эмес жазылып калгандыгын, Э деп оңдоп коюу керектигин айтты жамы журттун алдында. Уккан эч ким болгон жок… Ырас, мындан эки, үч жылдай мурда Арабаев университетинин башкы имаратынын капталына улуу агартуучунун сүрөтү тартылып, “Э. АРАБАЕВ” деп жазылганын окуп сүйүнүп калдым эле. Бирок, кайра эле “И” деп оңдоп салышыптыр. Көрсө, указ ушинтип “И” болуп чыгып калыптыр… Атаны иттики ай дедим каңырыгым түтөй. Өзүнүн китептеринде деле молдокенин өз колу менен “Э” деп эле жазылып турбайбы бажырайып. “Аксакал өзү ысымын “Е” менен жазган деп жанды кашайтат бир тарыхчы. “Ой, жолуң болгур, – дедим. – Молдокенин ошол үч китебинде тең “ЕЛ” (народ), “ЕРКИНДИК” (свобода) деп жазылып турбайбы. Аларды “ИЛ”, “ИРКИНДИК” деп окубайбыз го”, – деген элем… Кыскасы, ушундай, досум. Бир чала кыргыздын бир кездеги осол иши оңдолуш керек, УКАЗ деп отура берген да болбойт… Улуу агартуучунун ысымы бурмаланып калганын көргөн сайын элибиздин эзелтен келаткан салты эсиме түшүп, ансайын жан дүйнөм жанчыла берет. Ар бир пендеге багыштап окуган кураныбыз АЗАН ЧАКЫРЫП КОЮЛГАН ЫСЫМЫН туура айтып окуганыбызда гана кабыл болот эмеспи, досум, же андай эмеспи…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: