Өткөн жумада башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов акылга сыйбагандай билдирүү жасады. Бул прокурор сөрөй Нурлан Сулаймановдун кылмыш иши токтотулганын – ал кармалбай жатканына негиздеди. Биз бута чейин Нурлан Сулаймановду бир канча ирет көргөнбүз, атургай «Азия Ньюска» интервью бергени факт! Дагы бир кызыгы, дал ушул эргул Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго кылмыш иши козголгонун, кайра «будамайлана жабылганын» билбейт экен.
Убагында Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда, Пирматов «Кыргызнефтегаздан» миллиондогон долларларды кымырууга шектелип, кылмыш иши козголбоду беле? Камалып кетеринде шопур сыяктуу санаалаштары ортого түшүп атышып, арандан зорго алып калганы желдей тараган. Анан эми Молдокматов эмнени айтып тантырап атат? Эскирген коррупциялык кылмыш иштерди булар кайра көтөрүү менен ийгиликке жете алышпайт го? Мына ушундай кадрлар отурганда кайдагы өсүүнү оозанабыз? «Балык башынан сасыйт» демекчи, башкы прокуратурадан «ишти иритме» Индира Жолдубаева кетмейинче, коррупцияга каршы күрөш эч качан жүрбөйт!
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ