Menu

Мамлекеттик сатып алуулар өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кенештин Бюджет жана финансы боюнча комитети сатып алуу жол-жоболорун жөнгө салууга багытталган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкты. Ошондой эле, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдары өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошондон улам, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Анткени, улуттук мыйзамды Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү милдети турат.

Белгилей кетсек, 2016-жылы мамлекеттик органдар 44070 электрондук сынактын негизинде 43 млрд 520 миӊ сомго аргандай сатып алууларды жүргүзүлгөн. Мамлекеттик сатып алуулар өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт. Өткөн жылы 504 миӊ сатып алуу ишке ашырылып, 3095 сатып алуучу уюм жана 13500 сатуучу катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: