Свердлов РИИБине арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Себеби, 14-майда арыздануучунун гаражына кирип «Тойота-Ист» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул фактынын негизинде КРнын КЖКнын 172-беренеси менен (укука жат түрдө унаа каражатын тартып алуу) кылмыш иши козголгон. Свердлов РИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери 26 жаштагы Г.И. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан. Унаа ээсине кайтарылып берилген. Кармалган адам Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ