Menu

Талас облусунун Манас районунун Покровка айылында волейбол жана кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 13-майында Талас облусунун жергиликтүү соттор арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча мелдеш өттү. Бул иш-чаранын уюштуруучусу – Манас райондук соту. Бул туурасында Талас облустук сотунун басма-сөз кызматы маалымдайт.

Мелдешке Талас облусунун жергиликтүү сотторунун курама командалары катышышты.

Мелдеш жандуу ритмде өтүп, катышуучулар жеңишке жетүүдө эркин жана биримдигин көрсөтө алышты. Оюндун күйөрмандары мелдешти активдүү эмоционалдуу колдошту.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр болуп кичи-футбол боюнча Бакай-Ата райондук сотунун курама командасы, волейбол боюнча Манас  райондук сотунун курама командасы жарыяланды.

Салтанаттуу жагдайда байгелүү орундарды ээлеген мелдештин катышуучуларына дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Талас облустук сотунун судьясы М. Боромбаев жеңүүчүлөргө кубок тапшырып, мелдештин катышуучуларына мындан аркы спорттук ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: