Кыргызстандын айылдарында«Таза суу – 2 долбооруна 300 миллион доллар бөлүнгөнүнө карабай таза суу жок.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2000-жылдары калктуу пункттарды суу менен камсыз кылуу үчүн 62,9 миллион евро тартылган. Көз карандысыздыкты алгандан бери 300 миллион доллар сарпталган. Буга байланыштуу депутат Жанар Акаев: «Биз кайра эле карыз алып жатабыз. Мурунку «Таза суу» долбоору коррупциянын айынан иштебей калды. Ушул себептен баары биз менен иштешүүдөн баш тартууда», – деп айтты. Жаңы долбоор боюнча Жалал-Абад облусунун 24 айылын таза суу менен камсыздоо пландалууда. Долбоордун баасы 23 миллион доллар турат. Алардын ичинен ИБР — 15 миллион доллар, Ислам фонду — 5 миллион доллар, Өкмөт — 3 миллион доллар бөлгөн. Ислам банкынан алынган насыя — 25 жылдык мөөнөттү түзөт, анын 7 жылы жеңилдетилген. Пайызы 1,5 %, макулдашуу күчүнө киргенден баштап эсептелет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ