Menu

Чыныбай Турсунбеков жер титирөөдөн жабыр тарткан Чоң-Алайдын айылдарынан кабар алды

Бөлүшүү:

19-майда күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Ош облусуна болгон иш сапары Чоң-Алай районунда уланды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков жер титирөөдөн жабыр тарткан Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Шибээ айылдарынын тургундары менен жолугушуп, жабыр тарткан үйлөр жана социалдык мекемелердин имараттары менен таанышты. Жер титирөөнүн кесепетинен 529 үй, 2 оорукана, 1 мектеп авариялык абалда деп табылды, анын ичинде 8 үй кулап калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үйсүз калган айыл тургундарына 550 чатыр тигип берген.

Төрага Чыныбай Турсунбеков бул айылдардагы авариялык үйлөрдүн айрымдарына кирип, үй ээлеринин абалын сурап, Жогорку Кеңештин Торагасынын резервдик фондунан материалдык жардам көрсөттү. Эл өкүлдөрү Кара-Мык айылындагы оорукана авариялык абалга келгендиктен, чатырларда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатканын жергиликтуу элдин саламаттыгын да сурашты.

Аталган айылдардын тургундары бул өрөөндө кыш эрте келерин эске салып, турак жай куруу үчүн ссуда берүү маселесин колдон келишинче ыкчам чечип берүүнүн өтүнүштү. Ошону менен катар, банктардан насыя алган жарандар аларды төлөө мөөнөтүн узартуу жагынан да колкабыш кылууну суранышты. Жергиликтүү калкты түйшөлткөн башкы маселелердин бири – үй салганга курулуш материалдарын өз баасында алуу экенин белгилешти.

Элет тургундары менен болгон баарлашууда Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков парламент жаратылыш кырсыгы болуп өткөн айылдарды көңүл сыртында калтырбай, ар дайым маалымат алып турганын айтты. Ал кырсыктан улам орун алган көйгөйлөр парламенттин тармактык комитеттери менен фракцияларында талкууланганын, Жогорку Кеңеш тарабынан баардык зарыл болгон жардамдар бериле турганын, бул боюнча аткаруу бийлигине жардамды тездетүү жаатында да тиешелүү сунуштар берилгенин кошумчалады.

Ошондой эле, элдин амандыгы башкы ийгилик экенин белгилеген Төрага: “Баардык кыйынчылыктарды эрктүүлүк жана сабырдуулук менен жеңүүгө болот. Андыктан, сиздерге Кудайым сабырдуулук берип, мындан ары ушундай кырсыктардан алыс кылсын.  Кыш түшкөнгө чейин көтөрүлгөн көйгөйлөр четинен чечилет” ,- деди.

“Жакын арада аткаруу бийлиги тарабынан табият кырсыгы болгон жерлерге көрүлүп жаткан чаралар боюнча атайын маалымат угабыз”,-  деген Ч.Турсунбеков турак жайларды камсыздандыруу боюнча мыйзамдын артыкчылыктуу жактары тууралуу сөз кылып, аны колдонуу менен, элеттиктерди өз турак жайларын азыртан камсыздандыруу чараларын көрүүгө чакырды.

Чек арага танапташ жайгашкан аталган айылдардын тургундары жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, өлкө чек арасын сактоодо айыл жаштары сыртка агылып кетпеши үчүн бериле турган жардамдарды эртелетүү зарылдыгын баса белгилешти.

Жогоруда аталган айылдарга Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 1,5 миллион сом жардам катары берилди. Төрага Чыныбай Турсунбеков аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө жаратылыш апаатынын кесепеттеринен жаралган көйгөйлөрдү, калк тарабынан коюлуп жаткан маселелерди эртелетип чечүү керектигин билдирди. Ал эми жабыркаган социалдык мекемелерди абалына жараша кайра куруу же оңдоп-түзөө зарылчылыгын аныктап чыгууну өкмөт өкүлдөрүнө жолдоду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасынын Ош облусуна болгон иш сапарына депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Жыргалбек Калмаматов, Болотбек Ибраимжанов, Уланбек Примов, Жанарбек Акаев катышууда. Ошондой эле, иш сапарды Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров, Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева коштоп жүрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: