Тажикстандын Хатлон облусундагы Шахритус районунун айылдарында айрым жашоочулар «Ислам мамлекети» тобунун катарында Сирия менен Иракта согушуп жүргөндөрдүн туугандары менен сүйлөшүүдөн баш тартышууда. Сомниён айылында аларды райондун аймагынан башка жерге көчүрүү чакырыктары айтылууда.
Шахритус районундагы борбордук мечиттин имамы Хисомиддин Муродов бул демилгени жергиликтүү активисттер көтөрүп чыкканын билдирди. Имамдын айтымында, алар террорчулардын катарында согушуп жүргөндөрдүн туугандары менен сүйлөшпөөгө, тойлоруна, тажыяларына барбоого чакырып жатышат.
Жергиликтүү адвокат Гулом Бобоев жоочулардын туугандарын айылдан көчүрүү сунушун колдобойт. «Алардын ата-энелери менен туугандары күнөөлүү эмес. Чет өлкөлөрдө согушуп жүргөн шахритустуктар эчак эле чоң киши болушкан, өз кылгандары үчүн өзүлөрү жооп бериши керек. Бул сунуш мыйзамсыз», – деди ал.
Шахритустун 40 чамалуу тургуну, анын ичинде бир аял Ирак менен Сирияда «Ислам мамлекети» тарапта жүрөт. Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча чет өлкөлөрдөгү согуштарда райондун бир канча жашоочусу курман болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ