Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 23-майда өкмөттүк жыйында бир катар өкмөт мүчөлөрүн каарып өттү. Алсак, жаздын бир күнү бир жылга тете дегендей, дыйкандарыбызга жазгы айдап-себүү иштерине арзандатылган насыяларды “Айыл банк” берип келет. Бирок быйыл негедир насыя алгандардын суммасы былтыркыга салыштырмалуу 425 миллион сомго аз болгону баш бакандын жинин келтирип: «Биз насыя алуучуларга шарт түзүп берели деп, жылдагыдан көбүрөөк каражат карап жатсак, силердин кылганыңар бул, бир ай убакыт берем, ишти жөндөбөсөң жолуңа түш» дегендей эле кылды. Андан ары жомогу бүтпөгөн жол министри Жамшитбек Калилов менен статс-катчысын, Маданият министрлигин, Айыл-чарба жана мелиорация министрликтерин дагы зекип, иштебесеңер бирди көрөсүңөр таризинде катуу айтты. Айткандай эле маданият министринин орун басары Фархат Бекмамбетовду оодара чапты. Кийинки кезек кимде экендигин күтө туралы.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ