Menu

40 сомдук тамекинин баасы эми 50 сомго көтөрүлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 29-майдагы жыйынында сатыкка коюлган тамеки продукцияларынын чекене баасын жогорулатуу маселеси каралды. Бул багытта Өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилди. Анткени, тармактык комитеттин бул жолку жыйынына депутаттар Д. Бекешев, А. Самигуллина, Е. Строкова сигареттердин чекене баасын көтөрүү маселесин демилгелеп алып чыгышкан. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Депутат Альфия Самигуллина, – “Эң арзан чылымдын бир кутусу азыр 40 сомдон сатылып жаткан болсо, аны 50 сомго жогорулатуу зарыл”, –  деген пикирин билдирип, кошумча киреше салыгын кайра карап чыгуу керектигине токтолду. Депутат Алмазбек Токторов эгер чекене баа жогорулай турган болсо, акциздик маркаларга тиешелүүлүгү барбы?- деген суроону тактады. Ал эми депутат Рыскелди Момбековдун каршы добуш бергенин эсепке албаганда, комитеттин чыгарган чечими аркылуу сунушталган демилге жактырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: