Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштер жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан А.Аскаров жөнүндөгү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрындагы жана Чүй областтык сотунун 2017-жылдын 24-январындагы өкүмдөрүнө карата соттолгон А.Аскаровдун жана анын жактоочусу В.Вахитовдун кассациялык даттанууларынын негизинде жазык иши каралып,
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 13-майындагы токтому менен А.Аскаров жөнүндөгү Чүй областтык сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү күчүндө калтырылды.
Соттолгон А.Аскаровдун жана анын жактоочусу В.Вахитовдун кошумча кассациялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ