Президент Атамбаев Шри-Ланканын батыш, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө болгон жаратылыш кырсыктарынан көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Президенти Майтрипале Сирисенге көңүл айтты. Бул туурасында Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
«Шри-Ланканын батыш, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө болгон жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.
Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду, ал эми бардык жабыр тарткандарга тезирек сакайып кетишин каалаарыбызды билдирип коюуну өтүнөм», – деп айтылат телеграммада.
Эске салсак, 28-майда Шри-Ланкада суу каптап, табият кырсыгы акыркы маалыматтар боюнча 169 адамдын өмүрүн алып кеткен жана учурда 110 адам дайынсыз болууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ