Menu

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: “Күрөөгө коюлган мүлктү калыс баалоо жана карыз төлөө маданиятын калыптандыруу зарыл”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Күрөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, анын концепциясы жактырылды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн башкы максаты насыя алуучунун жоопкерчилигин жогорулатуу менен катар, карыз төлөө маданиятын калыптандыруу жана күрөөгө коюлган мүлктү калыс баалоого жетишүү экенин айткан демилгечи депутаттардын бири Алмамбек Шыкмаматов: “Ири көлөмдөгү насыя алууда күрөөгө көпчүлүк учурларда кыймылсыз мүлктөр коюлат. Бирок, насыяны төлөй албай калган жагдайда күрөөгө коюлган мүлк туура эмес бааланып калган мисалдар арбын. Андыктан, мыйзам аркылуу күрөөгө коюлган мүлктү баалоо тартибин жөнгө салуу керек. Тагыраагы, карызды төлөй албай калган шартта күрөөгө коюлган мүлктү базар баасында баалоо үчүн көз карандысыз баалоочуларды катыштыруу шарт. Андан тышкары, күрөөгө коюлган мүлк сатылгандан соӊ карызды карыз толук кайтарылгандан кийин калган акчаны ээсине берүү эрежесин киргизишибиз зарыл”, – деди.

Ошондой эле, комитет жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоор каралды. Депутаттар бул тармак өтө коррупциялашып кеткенин белгилешип, мыйзамды колдоо менен мамлекеттик казынага бир топ чыгым алып келип жаткан мамлекеттик сатып алуу жана тендер өткөрүү иштерин тыкыр көзөмөлдөө керектигин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: