Menu

Атамбаев Улуттук онкология борборун оңдоо жана модернизациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Президент Атамбаев бүгүн, 7-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборун капиталдык оңдоодон өткөрүү, модернизациялоо жана жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде Улуттук онкология борборун модернизациялоо максатында онкология ооруларын эрте аныктоо үчүн заманбап диагностикалык жабдуулардын комплексин алуу, нур терапиясы үчүн заманбап аппараттар менен жабдуу пландалып жаткандыгы белгиленди. Бул онкологиялык кеселге чалдыккан пациенттерди атайын нур менен толук көлөмдө дарылоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле Улуттук онкология борборунун операция блогун жана реанимациясын заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу каралган. Бул да онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылоонун натыйжалуулугун арттырмакчы.

Улуттук онкология борборунун имараты мындан 50 жыл мурда курулганын эске алып, негизги имараттар менен жайларды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо пландалууда. Оңдоо иштери учурунда оорукананын имараты заманбап көрүнүшкө келтирилет, ошондой эле борбордун бардык территориясы жашылдандырылат жана көрктөндүрүлөт.

Оор кеселге чалдыккан адамдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары чараларды көрүү зарылчылыгын баса белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев  каржылоо маселелерин кечиктирбей өз убагында чечүү, имаратты реконструкциялоо жана оңдоо иштерин ыкчам аяктоо, ошондой эле 2017-жылдын 1-октябрына чейин Улуттук онкология борборун  керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча ачык-айкын тапшырмаларды берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Мамкурулушка Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн жаңы имаратын долбоорлоо ишин баштоону жана бир жылдын ичинде анын курулушун аяктоону тапшырды.

Мамлекет башчысы оңдоо жана курулуш иштерин жүргүзүү учурунда пациенттердин дарылануусу жана медициналык персоналдын иши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгына көңүл бурду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: