Menu

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору: “Билимсиз, намыссыз адамдардын айынан президенттик институттун баркы кетти”

Бөлүшүү:

– Айылчы агай, президенттик шайлоого катыша турган негизги талапкерлер дайын болуп калгансыды. Бирок, арасында президенттикке эмес, башкармалыкка жарабагандары да бар. Кыргызстанда президент болгусу келгендердин көптүгү эмнеден кабар берет?

– Кыргызстанда акыркы мезгилде намыссыз, билимсиз адамдар өзүнүн ким экенин билбей “президент болот элем” деп жулунуп, президенттик так үчүн ат салышууга камынып жатышат. Чынында экономикадан, юридикадан кабары жок туруп, мыйзамдардын айырмасын билбей жер сатып же чөп сатып байыгандардын баары акчасына таянып, президент болот элем дей берсе, өзүн эле эмес, элди да дүйнө жүзүнө шылдың кылат. Президенттикке чыкчулар алгач “мен ошол кызматка татыктуумунбу, элдин жүгүн көтөрө аламбы, ал иш менин колумдан келеби?”- деген суроону өзүнө берсе жакшы болот эле. Негизи президент болчу адамдын экономикалык, юридикалык билими, ошондой эле ал адамдын жогорку саясый деңгээлдеги мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы болушу керек. Президенттикке жулунгандарды мына ушул критерийде карашыбыз абзел. Болбосо Кыргызстанда татыктуусу да, татыксызы да ат салышып, тоодон түшкөнү, эшек мингени деле “президент болсом экен” деген көрүнүш күчөп, мамлекеттин кадырына доо кетире башташты. Ошон үчүн массалык маалымат каражаттары да элдин көзүн ачып, кичине болсо да, президенттик жарышка катышчуларды иликтеп, маселе чече ала турган адамбы, айтор дараметин ачып берсеңер жакшы болот эле. Болбосо, татыксыз адамдардын президенттик амбициясынын айынан кошуна мамлекеттерге шылдың болуп, башыбызды өйдө көтөрө албай калдык.

– Демек, бу сапар президенттикке аттанып жаткандар тажрыйбасына, акылына эмес, акчасына таянып жатышабы?

– Акчасына чиренгендердин президенттик амбициясынын жаралышына элдин да күнөөсү бар. Эгерде эл шайлоодо келечегин 500 сомго сатып жибербесе – мындай терс көрүнүш орун албайт эле. Акыл калчап добуш бербегенибиздин айынан акчалуулар баш көтөргөн заман орун алды. Башкача айтканда, “менин акчам бар. Апийим сатып байыгам, арак сатып байыгам” дегендердин күнү тууду. Эгер акчага бала-чакабыздын келечегин сатпай, татыктуусуна добуш бергенибизде, акчасына таянгандар элдин элегинен өтпөй калат эле.

– Президенттик шайлоону утурлай шайлоо мыйзамдарынын өзгөрө баштаганы, президенттик күрөөнүн 100 миңден 1 миллион сомго жогорулаганы, парламенттик шайлоодогу 7 пайыздык тосмо 9 пайызга жогоруласын деген пикирлердин чыга баштаганы эмнеден кабар берет?

– Мунун баары коомдун жетилбегенинен кабар берет. Өз деңгээлин билбей эле шалпактай бергендер президенттик институттун баркын кетиришти. Мына ошол президенттик институттун кадырын аз болсо да көтөрүш үчүн айла жок күрөөнүн өлчөмүн жогорулатышты. Ошондой эле өтө жардылыгыбыз, элдин көпчүлүгү билимсиз болгону да ушул жагдайга түртүп жатат. Эгерде мамлекет орточо өнүгүп, элибиздин курсагы ток, билимдүү болсо, көрүнгөнү “мен президент болот элем” дей бербейт эле. “Өмүр бою депутат болуп, премьер-министрлик кызматка жетсем, байып кетсем”- деген көрүнүш жок болот эле. Коом билимсиз болгону үчүн эл жапайы көз караштан арыла элек, президенттик институттун өзү “байлыктын булагы” дегенди түшүндүрүп жатат. Мисалы, Англияда атасы фермер болуп жүрүп өлсө, атасынын жерине ээ болуп, фермерчиликти же дыйканчылыкты улантып кетиш үчүн жок эле дегенде айыл чарба институтун бүтүшү керек экен. 5-6 жылдык тажрыйбасы болсо гана атасынан калган жерди жана малды иштетип кеткенге акысы болот экен. Бизде болсо 4 класстык билими жок болсо да, чөнтөгү толо акчасы болсо президент болгусу келет. Керек болсо сотту “сот болгондон кийин окуп үйрөнөм” деген тескери көз караш бар. Ошол тескери көз караш оңдолмоюнча мыйзамдарды оңдоп- түзөгөн менен майнап деле чыкпайт. Башкача айтканда, жасалма тоскоолдуктарды жаратуудан коом өзгөрбөйт. Тескерисинче, артынан кетет. Андыктан, биринчи элге билим керек. Экинчи иш керек. Үчүнчүсү, аз болсо да оокат керек. Ошондон кийин анан коом оңолот.

– Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги жазылбаган түндүк-түштүк мыйзамынын алкагында көтөрүлдүбү?

– Түндүк-түштүк жана аялдардын, ар кандай улуттардын квотасы деген элдин аң сезиминин жоктугунан чыккан нерсе. Жапайы, билимсиз караңгы адамдар үчүн ушундай квоталар коюлган. Билимдүү, бай өлкөлөрдө андай квоталар жок. Ким татыктуу болсо, ошону шайлай берет. Америкада мурунку чоң атасы кул болгон капкара адам бир эмес, эки жолу президент болду. Эч ким эч нерсе деген жок. Бизде болсо, 70 жылдан бери окутуп үйрөтүп жатып да, элибизди жапайычылыктан арылта албай жатабыз. Ошон үчүн түндүк-түштүккө бөлүп, тигил же бул улут деген түшүнүктөн өйдө боло албай жатабыз. Кыргызстандыктарын аң-сезими төмөн болгон үчүн, илим-билим жетишпегендиктен биз бул көз караштан арылбай келебиз.

– Эмнегедир айрым аналитиктер бу сапар ким президент болоорун кыргыз бийлиги эмес, “орус бийлиги аныктайт” деген ойду айтып жатышат. Ынансак болобу?

– “Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт”- деген кыргыздын сөзү бар. Өзүңдү өзүң сыйлап, өз балдарыңды кадырлабасаң албетте, сенин маселеңди башка мамлекет чечет. Өзүбүздө билим, акыл-эс, келечекке умтулуу жок болсо, президенттик шайлоого башкалар кийлигишет да. Өкүнүчтүүсү, бул жагдай биз совет бийлигинин алдында болшевиктерге күн карма болуп, инкубатордун балапандарындай болуп, өз маселебизди өзүбүз чече албай баёолукка алдырган эл экенибизди далилдеп жатат.

– Агай, кепти экономикага бурсак. Тышкы карыздардын көлөмү кайтарылбай турган тармакка жумшалганы үчүн азыр суммасы көбөйүп кетти дегендер бар. Алардын пикирине ишенсек болобу?

– Андай кепти жайылткандардын баары мамлекеттин душмандары. Тышкы карыздын суммасы “каражаттар туура эмес жакка жумшалып кеткени үчүн көбөйүп кетти” дегендер жаңылышат. Анткени, электр энергиясы, жолу жок экономика болбойт. Тышкы карыздан алынган каражаттын негизги бөлүгү жол куруп, электр энергиясын өндүрүүгө кетти. Башкача айтканда каражаттар эл үчүн жана кыргыз мамлекети үчүн жумшалды. Бишкек ТЭЦин ремонттого жумшалды. Эгер тышкы карыздын эсебинен келген каражаттарды “туура эмес пайдаландыңар” дегендер кыйын болсо, ошончо каражат таап жол салып, электр энергиясы өтө турган линияларды куруп, ТЭЦти оңдоп, элдин жашоо-турмушун жогорулатып берсинчи. Анте албаса, бөйрөктөн шыйрак чыгарышбасын.

– Эмне кылсак, экономикабыз өнүгөт?

– Нормалдуу адамдар башкарып, уюштуруу иштерин нормалдуу жүргүзүп, чагымчылдарды азайтсак эле экономикабыз көтөрүлөт.

– Эмне үчүн Кыргызстандын экономикасы кагазда гана көрсөткүчтөрү жогорулап, иш жүзүндө жогорулабайт?

– Бизде “түшүп кетти” деп кейий турган же “көтөрүлүп кетти” деп кубана турган жыргаган деле экономикабыз жок. Эл өз чарбасын өзү жасап, фирма, компаниялар өз иши менен алек болуп, бир аз болсо да жумуштар жүрүп жатат. Мурда кандай болсок, азыр деле так ошондой эле деңгээлдебиз. Экономикабыз бир калыпта эле турат. Чет мамлекеттен келген инвестициялар, өзгөчө Кытайдан келген инвестиция жакшы пайдаланылып, жолдор курулуп, элдин аз болсо да маселеси чечилип жатат.

Булак: “Майдан”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: