Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган, себеби 9 -март күнү болжол менен саат 04:00 чамасында, үч белгисиз беткап кийген адамдар, чакан заводтун короосуна кирип келип, эки жумушчуну байлап коюп, ошол жерден үч уюлдук телефондорун жана 12 000 акча каражатын алып кетишкендигин маалымдаган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Көрүлгөн ыкчам иш-чаралар негизинде Свердлов районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 19 жаштардагы М.Э. жана К.А. кармалышкан.
Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 167- беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар Бишкек шаардык №1 тергөө абагына камалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ