Menu

Алмаз Атамбаев: “Кеткиси келгендер баарыңар жыйылгыла, биз самолет жалдап, силерди четке кетирели”

Бөлүшүү:

“Мен сапарга чыгардын астында мага атайын кызматтар улуттар аралык жаңжалды козутуучу Фейсбуктагы посттор боюнча материалды көрсөтүшкөн”, – деп билдирди бүгүн, 11-июнда Алмаз Атамбаев БУУнун Генкатчысы Антониу Гутерреш менен “Таза коом” форумуна катышуу алкагында журналисттер менен жолугуп.

“Журналист ал посттор боюнча бир укук коргоочу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кылмыш ишин козгошуптур. Бул Бабакуловдун ал посттор боюнча макаласы жазыла электе эле болгон. Биздин атайын кызматтар керектүү ыкчам иш чараларды өткөрүшкөн экен, мага ошол материалдарды көрсөтүшкөн. Мени таңгалдырганы: журналист менен өлкөдөгү белгилүү укук коргоочу сүйлөшүп жатышат, анан ошол укук коргоочу журналистке “ушундай нукта жазганыңды уланта бер, албетте бул бийликке жакпайт, бирок сен жүз пайызга чет өлкөдөн башпаанек аласың” деп жатканы. Демек сен өлкөдө улут аралык араздашуунун отун тутандыра бер, ал үчүн чет өлкөдөн башпаанек табасың. Мен аларга айтат элем: андан көрө кеткиси келгендер баарыңар жыйылгыла, биз самолет жалдап, силерди четке кетирели. Бизге тынчтык жана стабилдүүлүк керек”, – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: