Menu

“Астана ЭКСПО”нун башчысы Атамбаевдин калпын чыгарды! Ошондо өлкөбүз үчүн ким сасыткы?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президент Алмазбек Атамбаев неге калп айтып, элдин башын айлантууда?

Кечээ, 11-июнда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш менен биргеликте басма сөз үчүн берген маалымат жыйынында «Эгер, мен Астанадагыдай ЭКСПО көргөзмө уюштуруп, ага 3 млрд сарптачу болсом, мени булар (сасыткы саясатчылар менен журналисттер дегени – ред.) тирүүлөй өрттөп жиберишмек. Болбосо жол куруу үчүн 1 млрд сом, 2016-жылы өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 30 млн грант алсак канча ызылдашты. Мен кечээ Астанада болгонумда Назарбаевдин кандай сонун шаар курганына суктандым, Казакстан көргөзмө комплексин курууга эле 3 млрд доллар жумшоого кудурети жетээрине кубандым”. – деп “айрым” деген сөздү кыпчуу менен кыргызстандык саясатчы, журналисттерди боктоп өттү. Албетте, коомчулук Атамбаевдин мындай орой, одоно, чийинден сырт сөздөрүнө жедеп көнүп бүтүшкөндүктөн баш чайкап тим болушту.
Эң башкысы, кыргыз президентинин БУУнун башкы катчысынын алдында өз мекенинин журналисттерин, саясатчыларын дүйнөгө жамандап, бирок, анда айткан далилдеринин калп экени бир күн өтпөй чыгып калганы болууда.
Бүгүн, 12-июнда Атамбаевдин Назарбаев таап, көргөзмөгө 3 млрд доллар жумшады деп “суктанып” айткан сөздөрүн казактардын Informburo маалымат агенттиги толугу менен берип, акырында “Астана ЭКСПО-2017” улуттук компаниянын башчысы Ахметжан Есимовдун оозу менен калпка чыгартты.


А.Есимовдун айтымында, аталган көргөзмөнү өткөрүүгө 400 миллиарддан ашыгыраак тенге, доллар менен чакканда 1,27 млрд доллар коротулган.
Эми эмне дейбиз? Ажобуз баш болуп минтип оозуна жалган миллиарддарды толтуруп, болгондо да дүйнө жүзүн каратып туруп калпты урдуруп жатса, анда Кыргызстанды уят кылып ким сасыткы болуп жаткан болот?..

Булак: “Каганат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: