Menu

Жалал-Абадда салмагы 4 кг болгон банги каражат – афган түспөлүндөгү опиум табылды

Бөлүшүү:

Жалал – Абад областынын ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмү, КР УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин бирдиктүү ыкчым-изилдөө иш-чарасынын жыйынтыгында оор банги каражатты мыйзамсыз сактоо фактысы ачыкка чыкты. Бул туурасында КР ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жалал – Абад областынын укук коргоо органдары соттун чечими менен Сузак районунун жашоочусунун үйүн тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү банги каражаты табылып алынган. Үйдүн бир бөлмөсүндө жашыруун жай табылып, кочкул-жашыл өңдөгү өзгөчө жыты бар скотч менен оролгон 4 пакетти табышкан. Банги каражаттынын жалпы салмагы 3 кг 970 граммды түзгөн.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, табылган банги каражат афган түспөлүндөгү “опиум” экени аныкталган. Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери өткөргөн ишинин жыйынтыгы менен республиканын аймагы аркылуу банги каражаттарды ташуу жолу жабылган. Бул ыкчам иш-чаранын жүрүшүнө Мамлекеттик бажы кызматынын кызматтык-издөөчү иттери колдонулган.

Азыркы учурда, мыйзамсыз банги каражаттарды алуу, сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ири өлчөмдөгү өзгөчө каражатты алуу максатында ыкчам-издөө иш чарасы башталып, тергөө иши уланууда.
Тергөө ишин Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат. Жалал-Абад областы боюнча ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тактагандай, шектелүүчү мурун дагы бангизаттарды алуу жана сактоо боюнча соттолуп, ИИМде банги менен иштөөчү уюшулган тобтун мүчөсү катары каттоодо турган. Азыркы учурда, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: