КР Дзюдо федерация президенти Жолдошбек Көлбаев жакында эле Түркияга болгон сапарында Эл аралык дзюдо федерациясынын башчылары менен жаңыча карым-катнашты түзүү боюнча Кыргызстанга академиянын өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө макулдашып келди. Кадыр-барктуу академиянын өкүлчүлүгү Борбордук Азияда жок экенин жана биринчи жолу Кыргызстанда пайда болору бизге эмнеден кабар берип турат? Биринчиден, Кыргызстандагы дзюдо боюнча машыктыруучулар жана калыстар татыктуу билим алганга шарт түзүлөт. Алар 2-3 этап менен жүргүзүлүп, биринчи этабында онлайн режиминде иштер жүрмөкчү. Экинчи этабында чет мамлекеттен тажрыйба топтогонго мүмкүнчүлүк ачылат. Ошол эле учурда кыргыз жергесинде да окуу-семинарларды өткөрүүгө кенен жол ачылмакчы.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ