Узарбек Жылкыбаевдин тили буудай кууруса эле тоону томкоруп жиберет экен деп ойлошуптур көлдүктөр. Көрсө тилди Кудайым аябай бергени менен, ишке келгенде тажрыйбасы жок турбайбы. Ысык-Көл областына Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп барганы менен конкреттүү түрдө иш баштай элек экен. Көл кылаасы туристтик аймак болуп саналат. Ошол себептүү ал жерге жаңыча ой жүгүрткөн, заманбап идеяларды ишке ашыра турчу адам керек эле. Тилекке каршы Көл областы башчыга жарыбай келет. Же Жылкыбаев азырынча жаштык кылып жатабы белгисиз. Жаш дейин десен буга че-йин Көлдө активдүү жаштардын катарын то-луктап, сүйлөсө тим эле шилекейи чачырачу. Эми азыр сууга түшкөндөй эле болуп калды.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ