Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, жумуш сапары менен Чүй облусуна барды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жумуш сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы кум шекер өндүргөн «Кошой» ААК ишмердүүлүгү, Сокулук районунун Белек айылындагы «Новотроицкий» суткалык жөнгө салуу бассейнинин абалы, Сокулук районундагы Романовка-Камышановка автожолунун участкасын реконструкциялоо иштери жана Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы «50-лет Киргизии» көчөсүн оңдоо иштери менен таанышты.
Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Москва районундагы бир катар билим берүү объектеринин абалы жана курулушун көрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ