Menu

Мамлектетик ишканаларды оптимизациялоодо катталган 1130 ишкананын 900 кагаз жүзүндө гана бар экени аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоону улантууда. Анын алкагында 30 ашпаган ишкана гана мамлекеттин карамагында калат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча жумушчу жыйында билдирди, -деп маалымдайт Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Буга чейин мамлектетик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана штаттык санын тактоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016-жылда мамлекеттик компаниялардын түшкөн киреше 74,7 млрд сомду ал эми чыгашасы 69,1 млрд сомду түзгөн. Мамлекеттик компаниялардын иши унутулуп, алардын жетекчилеринин жана тармактык министрликтердин башкарууда толук көз карандысыздыгын камсыз кылуу  экинчи планга түшүп калган», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, 2016-жылы тиешелүү мамлекеттик органдардын эч кимиси мамлекеттик ишканалардын, ар кандай жолдор менен, алардын маалымат саны тууралуу так маалымат алган эмес жана ал маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун төрагасы Болсунбек Казаков маалымдагандай, Премьер-министрдин тапшырмасы менен мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жүргүзүлгөн анализ, тез арада мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо зарылдыгын көрсөттү.

Иликтөөнүн  жыйынтыгы боюнча көптөгөн ишканалардын ишиндеги ыйгарым укуктуу максаттар өз багытында эмес экендиги жана штаттык орундар ашыкча жазылганы белгилүү болгон.

Алардын катарына «Кыргыз темир жолу», «Кыргызжилкоммунсоюз» жана башка мамлекеттик ишканалар кирет.

«2017-жылы мамлекеттик мекемелердин ишин жакшыртуу планынын алкагында,  электрондук түрдө маалыматты чогултуу жараянын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкү бирдиктүү реестрин түзүү башталды», — деди Болсунбек Казаков. Ал Премьер-министрдин тапшырмасы менен акыркы он айда мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча чоң иштер жасалганын билдирди. Жыйынтыгында мамлектетик ишканаларды оптимизациялоодо катталган 1130 ишкананын 900 кагаз жүзүндө гана бар экени аныкталды.

«Бул тармакта бюджеттик системасы тарабынан жүргүзүлгөн, ишканалардын чыгымдарды азайтуу кирешесин жогорулатуу жана алардын иш-аракеттери жарандык коом алдында ачык-айкын жана ачык болот. Жыйынтыгында 30 ашпаган ишкана калат, калгандары мамлекеттик мекеме,  филиалдар жана акционердик коомдор болуп кайрадан түзүлөт. Учурда мамлекеттик ишканаларды  оптимизациялоо боюнча толук кандуу иштердин журүшү менен алардын саны 1130 дан 137 кыскартылды. Өкмөттүн жумушу муну менен токтоп калбайт, азыркы тапта алардын санын 30 ашырбоо боюнча бир катар чечимдер даярдалып жатат», — деди Сооронбай Жээнбеков. Премьер министр ошондой эле мамлекеттик акча каражаттары тууралуу маалымат чогултуу күтүлүүчү жыйынтыктарга алып келген жоктугун, ушундан улам, мамлекеттик мүлк каттоо реестрин түзүү иштери каралганын билдирди.

Жыйын соңунда Өкмөт башчы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна азыркы 137 ишкан боюнча кылдат иликтөө жургүзүп, аларды жокко чыгаруу жана кайрадан түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкү бирдиктүү реестрин» түзүү да тапшырылды.

Аны менен бирге Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков электрондук соода аянтын түзүүнү тездетүүнү  да  милдеттендирди. Анда мамлектетик ишканаларды сатуу жана ижарага алуу иштери  Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунда эмес, электрондук сатуу аянтында он-лайн режиминде өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: