Өзгөчө кырдаал абалында Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоо максатында жалпысынан 120 тосмо-бекеттер коюлган. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, 120 тосмо бекеттин ичинен: чоң тосмо-бекеттер – 15, санитардык-карантиндик пост – 26, кичине тосмо-бекеттер – 76.
Андан тышкары, Бишкек шаарындагы райондоруна жөө патрулдар коюлган. Ленин району – 20, Свердлов району – 15, Октябрь району – 30 жана Биринчи май району – 25 кызматкер коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ