Menu

“24.kg” агенттиги Матраимовдордун коррупцияга тиешеси бар экендиги боюнча эч кандай далилдери жоктугун билдирди

Бөлүшүү:

Матраимовдордун үй-бүлөсү “24.kg” агенттигине карата жазылган доо-арызын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган агенттик бүгүн, 27-январда жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, алар «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» аталышта жарыяланган иликтөөдө далилдер жоктугун мойнуна алгандыгына байланыштуу, доогерлер материалдык доо-арызын артка кайтарып алган.

Эске сала кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү (ЖК депутаты Искендер Матраимов, жубайы Миновар Жумаева, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова жана “Исмаил Матраимов атындагы коомдук” фонду) «Азаттык» радиосун (22 миллион сом), кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» (12,5 миллион сом) жана “24.kg” (15 миллион сом) сайттарын былтыр, 9-декабрда сотко берип, жалпысынан алганда, 60 миллион сомго доого жыккан. «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн былтыр жарыялап, аны “24.kg” шилтеме менен жазып чыккан.

Матраимовдордун үч басылмага карата жазган арызынын алгачкы сот отуруму былтыр, 19-декабрда Свердлов райондук сотунда башталып, жабык эшик артында өткөн. Кийинки сот отуруму быйыл, 20-январда уланып, ал дагы жабык эшик артында өткөн. Андагы соттук отурумдан кийин, депутат Искендер Матраимовдун жаңы адвокаты Канатбек Азиз Матраимовдор сотту тынчтык жолу менен бүтүрүүгө жана бул ишке чекит коюуга даяр экендигин журналисттерге билдирген. Кийинки соттук отурум 29-январда болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: