Menu

Кыргызстандык дизайнер белгилүү инсандарды кийинтип жатат

Бөлүшүү:

Чехиянын биринчи айымы Ивана Земанова жана орусиялык белгилүү алып баруучу Лера Кудрявцева кыргыз-казак жылдыздарын кийинткен дизайнер Наиль Байкүчүковдун колунан чыккан көйнөктөрдү кийип, эл алдына чыгышты. Бул тууралуу дизайнер өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.

Өткөн жумада Москвада болуп өткөн «Муз ТВ» сыйлык тапшыруу аземине кийип чыккан көйнөгү тууралуу Лера Кудрявцева: «Бүгүн мен керемет дизайнер Наиль жараткан сонун көйнөк кийип турам. Сага рахмат, бул көйнөктү сүйүп калдым», – деп жазган.

Ал эми Чехиянын биринчи айымы Астана шаарында өтүп жаткан «ЭКСПО 2017» көргөзмөсүнө Байкүчүковдун көйнөгүн кийип келген.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: