Menu

“Континенттер ичиндеги орогендердин геодинамикасынын жана геоэкологиясынын маселелери” аталышындагы Эл аралык VII симпозиуму өтөт

Бөлүшүү:

Июнь айынын 19нан 22не чейин “Континенттер ичиндеги орогендердин геодинамикасынын жана геоэкологиясынын маселелери” аталышындагы Эл аралык VII симпозиуму өтөт. Бул туурасында УИАнын маалымат бөлүмү билдирет.

Иш-чараны Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинин институттары уюштурууда.

Симпозиумга Кыргызстандын, Россиянын, Япониянын, Кытайдын, Германиянын, Грециянын, Индиянын, Тажикстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары катышат.

Иш-чара сейсмикалык кооптуулукту баалоо, сейсмикалык режимди регионалдык изилдөөгө алуу деген сыяктуу илимий проблемаларды кенен изилдөөгө багытталган, сейсмоактивдүү региондорду жана геодинамикалык процесстердин мониторингин изилдөөдөгү электромагниттик методдор; геологиялык эндогендик жана экзогендик  процесстердин экологиялык жана социалдык таасирлери, катастрофалык жана башка окуялардын прогноздорун изилдеген 6 секциядан турат.

Симпозиумда 97 илимий доклад окулат.

Иш-чаранын өтүүчү жери Эл аралык геодинамикалык илимий-изилдөөчү полигону (Бишкек шаары). 24-июнда “Ала-Арча” капчыгайына экскурсия уюштурулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: