Menu

Депутаттар тобу өзгөчө баалуу дарак токойлорун коргоого киргизилген мораторийди узартуу демилгесин көтөрүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде “Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактардын породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга, сатууга даярдоого, пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдайт.

Демилгечилердин бири Рада Туманбаеванын айтымында, өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга каршы 2007-жылы киргизилген мораторийдин мөөнөтү ушул жылдын февраль айында бүткөн. Мораторийди 2030-жылга чейин узартуу аркылуу жаӊгак жана арча токойлорун сактоо менен гана чектелбестен, аянтын чоӊойтууга шарт түзүлөт.

Андан тышкары, 1 түп кыйылган баалуу дарактын ордуна 100 түп дарак отургузуу талабы да киргизилүүдө. Бирок, өкмөт өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен ал сан 10го чейин кыскартылды. Алардын пикиринде, 100 түп өтө эле көптүк кылат.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жокой чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү белгилегендей, мораторийге чейинки 2006-жылы 540 жаӊгак уюлун мыйзамсыз пайдаланган факты катталса, бүгүнкү күндө баалуу дарактарды кыйган учурлар өтө азайган. Андан тышкары, мораторийдин алкагында өзгөчө баалуу дарак токойлорунун көлөмү 30 пайызга көбөйгөн.

Комитет мүчөлөрү тарабынан кыргыз жаӊгагы үчүн Дүйнөлүк соода уюмунан атайын код алуу зарылчылыгы белгиленип, өкмөт өкүлдөрүн маселени тезирээк чечүү менен, жаӊгактарды мыйзамдуу экспортто ишин колго алууга чакырышты.

Ал эми депутат Экмат Байбакпаев баалуу дарактарды паспорттоштуруп, ар дарак боюнча маалыматтын сакталышын камсыз кылуу чарасын сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: