Menu

АКШ: Орусия Украинанын чыгышынан кетмейинче санкциялар алынбайт

Бөлүшүү:

АКШнын Орусияга карата киргизген санциялары Москва өз күчтөрүн Украинанын чыгышынан чыгарып кетмейинче алынбайт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер президент Дональд Трамп менен Украина башчысы Петр Порошенконун жолугушуунан кийин өткөн брифинг маалында билдирди.

Шейшембиде АКШнын Каржы министрлиги жаңы санкциялык тизмесин жарыялаган. Ага бир катар орусиялык компаниялар кошулган. Андан сырткары Крымда жана өздөрүн «ДНР» жана «ЛНР» деп атап алышкан аймактарда иштеген бир нече банкка дагы чектөөлөр киргизилген.

Дүйшөмбүдө Конгресстин Өкүлдөр палатасы эл аралык иштер комитетине Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жөнөткөн — жаңы чектөөлөр Кремлдин АКШдагы шайлоого катышуу ыктымалдыгына жооп катары киргизилүүдө. Документ Сенат тарабынан өткөн жумада жактырылган.

Жаңы санкцияларга Орусиянын транспорт жана мунайгаз тармактарында иш алып барган мамлекеттик ишканалары туш болушу мүмкүн. Ошол эле маалда Орусияга карата чектөөлөрдү мыйзам кылуу каралууда. Бул аларды Конгресстин жактыруусуз жоюу же жумшартуу жол-жоболорун оорлотот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: