Бишкектин көчөлөрүнө кечээ эле орнотулган бетон тосмолор алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
“Кырдаалды талдоо эске алынды: шаар тургундарынан күнүнө тез жардам кызматына 500дөн ашык чалуулар келип түшөт. Орнотулган бетон тосмолор тез жардам жана башка куткаруу кызматтарынын унааларына тоскоолдук жаратпоо үчүн, кичи жолдорго кирүүнү жана чыгууну кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынды” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, күн мурун, 21-апрелде Бишкектин көчөлөрүнө 77 бетон тосмо орнотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ