Menu

Улуттук банктын 2016-жылда жүргүзгөн иши канагаттандырарлык деп табылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеш КР Улуттук банкынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчетун канагаттандырарлык деп тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды, – деп маалымдайт Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Улуттук банктын төрагасы Токунбек Абдыгулов өлкө экономикасынын өнүгүү ыргагынын басаӊдоо шартында, акча-насыя саясаты негизинен банк тармагынын өнүгүшүнө түрткү берүү мүнөзүндө жүргүзүлгөнүн билдирди. Өткөн жылы 25 коммерциялык банк, алардын 324 бөлүмү иштеп турган. Алардын жалпы активи 178 млрд сомго жеткен, ал эми инфляция деӊгээли 0,4 пайыздан ашкан жок.

«Жыл ичинде эсептик коюм 4 жолу төмөндөтүлүп, анын өлчөмү 10 пайыздан 5 пайызга чейин азайды. Берилген жалпы каражат 6 млрд сомду, банк тармагына берилген каражат 1,9 млрд сомду түздү. Ал эми насыяларды доллардаштыруу 10,5 пайызга төмөндөдү. Ушу тапта Кыргызстандын тышкы резерви 2 млрд 40 млн сомду түздү, ал 4,5 айга жетет», – дейт Улуттук банктын башчысы.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар дүйнөлүк экономикалык каатчылык маалында Улуттук банк туура акча-насыя саясатын жүргүзүү аркылуу инфляциянын өсүү деӊгээлин кармап туруу жаатында кыйла натыйжалуу иш алпарганын белгиледи.

Андан сырткары, Улуттук банкка өткөн жылы кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен, иштин натыйжалуулугун арттыруу, өлкөнүн акча-насыя саясатын өркүндөтүү боюнча жаӊы усулдар менен ыкмаларды киргизүү, мамлекеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу жаатында бир катар сунуштамалар берилди.

Эске салсак, Улуттук банктын 2016-жылдагы иши буга чейин Жогорку Кеӊештин баардык тармактык комитеттерде каралып, оӊ бааланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: