Казакстандагы Өзбекстан элчилигинин өкүлдөрү жана «Алтын Орда» бизнес клубу автобустагы өрттөн каза болгон өзбекстандыктардын элесине арнап, Астанада 52 бак отургузушту.
«Трагедиялык окуя болгон күнү Казакстан өкмөтү жана калкы жардам берди. Казакстандын тиешелүү органдары керектүү чараларды көрдү. Бүгүнкү иш-чара – эки өлкөнүн ортосундагы достуктун далили. Биз бул тууралуу маркумдардын үй-бүлөсүнө айтууга милдеттүүбүз», – деди Өзбекстан элчиси Саидикрам Ниязходжаев.
2018-жылы 18-январда өзбекстандык эмгек мигранттарын Орусияга ташып бараткан автобус Шымкент-Самара кан жолунда өрттөнүп, 52 киши өлгөн. Бардыгы өзбек жарандары болчу. Дагы эки жүргүнчү жана Казакстандын жарандары болгон 3 айдоочу аман калган.
Апрелдин соңунда Актөбө шаарында сот жүргүнчү автобустун айдоочулардын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.
Айдоочулар транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуп, өрт коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп айыпталышууда. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө автобустун өрттөнүп кетишине анын ичин жылытуу үчүн кандагыч лампа колдонулганы себеп болгону аныкталган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ