Menu

Милиция кызматкерлери баңгизатына байланышкан бир катар кылмыш иштерин фактыларын ачыкташты

Бөлүшүү:

Сокулук РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери кезектеги ыкчам иликтөө иш-аракеттерин жүргүзүү убагында колунда полиэтилин баштыгы бар шектүү жаранды байкап калышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала текшерүүнүн натыйжасында баштыкта өзгөчө жыты бар зат табылып, шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы жашоочусу кармалды. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал зат 2 кг 500 грамм салмактагы баңгизаты марихуана болуп чыкты.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана ири өлчөмдөгү банги затын ташуу) боюнча кылмыш иши козголду. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул окуяга удаа эле Токтогул РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү тарабынан баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектүү делип жергилииктүү 33 жаштагы тургун кармалды. Кармалган учурда анын жанынан 500 грамм марихуана табылган. Ушундай эле өлчөмдөгү баңгизаты марихуана менен Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондун 25 жаштагы тургуну Т. Б. кармалды. Кемин РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун өкүлдөрү Чүй областынын ШИИБнын патрулдук милициясы менен бирдикте “Бишкек-Торугарт” автожолунун 117 километринде “Хонда–Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Бишкек шаарынын тургуну 53 жаштагы Г.А. аттуу адамга таандык автоунаанын салонунан салмагы 376 граммды түзгөн кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар баңгизаты табылды.

Ысык-Ата РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери соттун чечиминин негизинде 57 жаштагы В. Н. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүп, анын натыйжасында ал тургундун бакчасында өсүп турган 14 түп опийим бар экенин аныкташкан. Учурда жогоруда аталган фактылардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: