Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2017-жылдын 26-июнунда саат 06:39да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.
Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Алай районунун аймагында орун алган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ