Menu

Бишкекте ички иштер органдары саптык кароодон өтүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-август күнү шаардын эски аянтындагы Өкмөт Үйүнүн алдында  Бишкек гарнизонунун  ички иштер органдарына саптык-тескеме өтүлдү. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Салтка айлангандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосунда ИИОнун  кызматкерлеринин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун  камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин  аткаруудагы, андан сырткары саптык даярдыгы, сырткы келбети   текшерилди. 27-августтан баштап Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого, ошондой эле өтө турган  эл аралык деңгээлдеги  иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын  өздүк курамы кызматын өтөөдө күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт. Иш-чараларды  өткөрүүдө ал жайларга жакын жерлерде ички иштер органдарынын атайын  кызматтары иш жүргүзөт. Саптык кароо-тескемесин ички иштер министри, милициянын генерал-майору  Кашкар Джунушалиевдин, министрдин орун басарларынын, Бишкек ШИИББдин  жетекчилеринин,  ИИОнун ардагерлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн  катышуусунда өтүлдү. Өздүк курамдын алдында сөз сүйлөп жатып, ИИМдин  башчысы Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарынын алдында өлкөнүн  ичиндеги тартипти камсыздоо жоопкерчилиги жаткандыгын белгиледи. Милиция  ар дайым коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү  боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыздап  келет. Милиция кызматкерлери  жарандардын укугун кынтыксыз коргоп, мыйзамга ылайык аракеттенүү  керектигин дагы бир жолу эскертти. Сөзүнүн аягында ички иштер министри
тартип сакчыларынын ишине ийгиликтерди каалады.

Аянтта салтанаттуу жүрүш менен ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын,  атайын багыттагы полктун жоокерлери, Академиянын курсанттары, ИИМдин Жол  кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы, аймактык  башкармалыктар менен Бишкек шааардык ички иштер башкы башкармалыгынын  жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын ички иштер  бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, кинологиялык бөлүмдүн  кызматкерлери, атчан милициялар өтүштү. Андан соң, аянтта транспорттук
каражаттар-кызматтык унаалары менен өз бөлүмдөрүнүн артынан айдап көрсөтүштү. Саптык кароонун аягында милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого  өз кызмат ордуларына жиберилди. Майрамдык иш-чараларды өткөрүү маалында борбор шаарыбыз менен башка  шаарларда коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо үчүн ички  иштер органдарынын бардык өздүк курамы, элдик коошундартартылат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: