“Эртең Россия Мамдумасынын спикери Вячеслав Володин Кыргызстанга расмий визит менен келатат, бул албетте адаттан тыш көрүнүш деп айтсак болот”, – деп жазды кечээ, 27-июндун кечинде Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов өзүнүн фейсбуктагы баракчасында:
“Сапардын расмий программасында – өзүнүн коллегасы, кыргыз парламентинин спикери менен жолугушуу гана белгиленген. Бирок Володиндин айткандарына, ишарааттарына, сөздөрүнө байкоо салгыла – балким ошондо Атамбаев өзүнүн мураскери катары тандаган премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын 5-президенти болушун Москва колдойбу же жокпу түшүнүктүү болот.
Бул боюнча али чечим кабыл алына элек.
Бир жумадан кийин Ысык-Көлгө дагы бир спикер, РФ Федерация кеңешинин төрайымы, мадам Матвиенко келет. Кыязы, ал да ондон ашык президенттикке талапкерлерди тизип алып, сындан өткөрөт окшойт.
Президенттик шайлоо 15-октябрда.
Бул өлкөдө эмне болуп кетерин алдын-ала айтуу кыйын да..,” – дейт эксперт Аркадий Дубнов.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ