Menu

Исаев, Чудинов, Жапаров шайлоо алдында камалышабы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш депутаттары Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров жана Канат Исаевге козголгон кылмыш иштерин иликтеген депутаттык комис­сия жыйынга чогулду. Анда УКМКнын өкүлү маалымат берип, Канат Исаев боюнча жалпы алты иш тергелип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, депутатка төрт иш боюнча айыбы угузулган. Эми төртөө бириктирилип сотко өткөрүлөт. Жалпысынан Канат Исаевдин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 14 миллион сом зыян келтирилгенин атайын кызмат өкүлү кошумчалады. Депутаттык комиссиянын отурумуна Акылбек Жапаров келген жок. Канат Исаев ме­нен Игорь Чудинов катышты. Башкы прокуратура 29-майда Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын мүчөлөрү Игорь Чудинов, Акылбек Жа­паров баштаган бир нече адамга карата Кылмыш кодексинин «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Аларга өкмөттү башкарып турган учурда өз жакындарына таандык ишканага мыйзамды бузуу менен мамлекеттен ссуда алып, аны төлөбөй жүргөн деген кине коюлууда. Бирок аталган депутаттар тагылган айыптарды четке кагып жатышат. Эми бул депутаттардын тагдыры кандай болуп чечилери ушул комиссия­нын колунда. Андыктан алар шайлоо алдында камалат же жок дегенде ичкен-жегенин кусуп гана кутулушу мүмкүн.

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: