Венесуэлада Жогорку соттун имаратын полициянын уурдалган тик учагы менен аткылашты. Жабыркагандар жок. Кол салуу өлкө президенти Николас Мадуро мамлекеттик телеканал аркылуу түз эфирде сөз сүйлөп жаткан маалда болду.
Ал окуяны теракт жана куралдуу төңкөрүш аракети деп атады. Абадан коргонуу күчтөрү коопсуздук чараларын күчөттү.
ММКлардын маалыматы боюнча, кол салуунун артында өкмөткө каршы чыгышкан полициячылар турат. ИИМдин кызматкери Оскар Перес социалдык түйүндөрдөгү видеокайрылуусунда Николас Мадуронун отставкасын талап кылды. Венесуэла бийлиги шектүүлөрдүн атын атаган жок, тергөө жүрүүдө.
Апрелден бери Венесуэлада өкмөткө каршы жапырт каршылык акциялары өтүүдө. Митингдер айрым учурда башаламандык менен коштолуп, полиция менен кагылышуу учурунда 70тей киши өлдү. Венесуэла бийлиги өлкөнү жарандык согуш тооруп турганын белгилеп, демонстранттарды “террорчулар” деп атоодо.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ