Menu

«Азаттыкты» Оторбаев жетектеген кезде оппозициячыл болсо, Каназаров убагында орточул, ал эми Касмалиева келгени бийликке өттүбү?

Бөлүшүү:

Курманбек Бакиевдин кандуу режими тушунда «Азаттык» радиосу оппозициялык маанайда маалымат таратуу жагынан камчы салдырбай, алдыңкы ММКлардын сабында болчу. Агезде жетекчиси Кубат Оторбаев эле. Кийин башчылары алмашып отуруп, Султан Каназаров «Азаттыкты» тейлей баштаганда орточул позицияны карманса, ал эми учурдагы Айзада Касмалиеванын «доорунда» бийликчил өңүткө өткөндөй элес калтырганы коомчулук тарабынан айтыла баштады. Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаевдин аброюн коргоо боюнча башкы прокуратура аталган маалымат булагын миллиондорго сотко берип, кайра доо арызын кайтарып алганы эмнени билдирет? Баса, жакынкы күндөрү Атамбаевдин Россияга болгон беш күндүк иш-чарасында Айзада Касмалиева да аралашып барып калганы кандай? Негизи президенттик аппарат бийликчил гана ММКларды делегациялардын курамына кошот эмеспи. Эми мындан аркысын чечмелөөнүн кажети жок го…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: