Menu

Исхак Масалиев: «Бул жерде коррупцияга окшогон кыймылдардын белгиси бар»

Бөлүшүү:

«Кытай мамлекетинен кредит катары алынып келинген 386 млн доллар Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого жумшалдыбы?» деген суроо жообун таппай турат. Парламент жетинчи кабат үчүн керектүү болгон мыйзам долбоорунун бир сүйлөмү туура болбой калыптыр деп кезексиз жыйынга чогулса, -25 градус суукта тоңуп олтурган элди ойлоп кезексиз жыйынга чогулмак түгүл, аварияга баруудан коркуп олтурушту. Көлөкөсүнөн корккон депутаттар шаршемби күнү өкмөттү чакырып алып өздөрүнчө “баатыр” болушту, кыйкырыкты катуу салып. Көпчүлүк жообуна кызыккан «386 млн доллар акча ЖЭБ үчүн коротулганбы?» деген суроого айрым депутаттардын жообун угуп көрдүк.

 

— Кептин баары натыйжалуу башкаруу системасынын жоктугунда болуп жатат да. Энергохолдинг түзүп жатканда эки жыл мурда Жогорку Кеңештен бир гана мен каршы чыгып сүйлөгөн болчумун. Ошондо эле өзгөчө жасалма болгондуктан ийгиликтүү болбойт деп айтканмын. Түзүп жаткан адамдарга менин пикирим керек эмес, структура керек болуп калды да. Министрлик болобу же болбосом өкмөттүн алдындагы башкаруу комитет болобу бул башка кеп, Энергохолдинг бул акционердик коом болуп жатпайбы. Кантип акционердик коом акционердик коомду башкарат? Эгерде мамлекеттик орган болгондо анда башкача болмок. ЖЭБдеги азыркы абалга толугу менен өкмөт жооп бериш керек. Менин жеке пикиримде бул жерде коррупцияга окшогон кыймылдардын белгиси бар. Азыр өкмөттөн башка эч ким жооп бербейт.

Суроо салган Айзат Шакирова

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: