Menu

Ажону айланасы адаштыра баштадыбы?

Бөлүшүү:

Чоң саясый аренада бүйүр кызыткан, асыресе талаштуу жагдай жаралганы турат. Биз бул жаатта ой калчап, калыс сын пикир менен туура багытты берүүнү эп көрдүк.

Алмазбек Атамбаевдин Казань шаарында журналисттерге интервью бергендеги сөзү аябай эле таң калычтуу угулду. Президент: «Сентябрдын башында жаңы өкмөт дайындалып, ал 2020-жылга чейин иштейт» деди. Анын бул сөздөрү саясатчылар менен депутаттардын, окурмандардын көбүн «шок» кылды. Көп кишилерде: «Атамбаев өзүнүн сүймөнчүктөрү Сапар Исаков менен Албек Ибраимовду өкмөткө алып барыш үчүн мыйзамдарды аттап, саясый туруктуулукту коркунуч алдында калтырып, ачык эле олдоксон аракеттерге барабы?» деген суроо пайда болду. Анткени, Конституция жана мыйзамдар боюнча, өкмөттү шайлоого алты ай калганга чейин алмаштырууга болбойт. Мындай норманы атүгүл качкын президенттер Акаев менен Бакиев да бузган эмес.

Анан калса, президенттик шайлоого бир жарым ай калганда өкмөттү алмаштыруунун кандай зарылдыгы бар? Бул президенттик кресло үчүн күрөштүн эң кызыган, күч алган маалы болот эмеспи. Же Атамбаев парламенттин ичинде, анын сыртында партиялардын премьер-министрдин жана министрлердин портфели үчүн айыгышкан күрөштү башталышын каалайбы? Деги президент: «Шайлоо таза өтсүн, өлкөдө туруктуулук болсун» деген пикирин чын эле айтып атабы? Же анын жан-жөкөрлөрү өлкөнү башаламан кылып коюп, өз кызыкчылыктарын улантмакчы болуп атышабы? Мандем ушул жерде – айланасындагы адамдарда окшойт… Мындай ойлонулбаган билдирүүнүн натыйжасы өлкө үчүн, анын биримдиги, туруктуулугу үчүн, өзгөчө Конституциянын гаранты катары президенттин өзү үчүн өтө кооптуу болушу мүмкүн. Эмесе, эми жаңылыштыгын оңдоп, туура жыйынтык чыгарат деген ишенимдебиз…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: