Menu

АКШ эл аралык аба каттамдардагы коопсуздук чараларын күчөтөт

Бөлүшүү:

Шаршембиде АКШнын Ички коопсуздук министрлиги өлкөгө келген бардык авиакаттамдарга кошумча коопсуздук чаралары киргизиле тургандыгын билдирди.

Мекемеден коопсуздук жагдайынан улам кандай чаралар киргизилерин так кабарлашкан жок. Жаңы эрежелер тууралуу элге маалымат берүү милдети авиакомпаниялар менен аэропортторго жүктөлөт.

Анткен менен жаңы эрежелер портативдик компьютерлерди жана уюлдук телефондорду кылдат текшерүү, жүргүнчүлөр зонасындагы жана учактардын учуу аймактарындагы коопсуздук чараларын күчөтүү иштерине байланыштуу болору айтылууда.

Мындай кошумча чаралар жалпысынан 105 өлкөнүн 280 аэропортуна киргизилет. Алардан АКШга күн сайын 325 миң жүргүнчүсү менен 2100 учак келип турат. Буга кетчү чыгымдардын негизгилерин авиакомпаниялар көтөрүшөт. Жаңы эрежелерге баш ийбеген компанияларга айыппул салынып, АКШдагы бардык каттамдары токтотулушу мүмкүн.

Март айынан тарта калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн он өлкөдөн АКШга учкан каттамдардын жүргүнчүлөрүнө учактын ичине уюлдук телефондон чоң болгон электрондук жабдууларды алып кирүүгө тыюу салган буйрук иштеп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: